www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте атышты деп айыпталган алты адам жарым жылга №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы кабарлайт. Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарган.

22-декабрь саат 20:58дер чамасында милицияга Эркиндик проспектисинде топтошкон адамдардын мушташып жана атышканы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Тартип сакчылары окуя болгон жерге барып, белгисиз адамдардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, курал колдонулганын аныкташкан.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында 24-декабрда милиция кызматкерлери жаңжалга катыштыгы бар деп шектелген алты адамды кармаган. Алар: 38 жаштагы М.А., 33 жаштагы А. Г., 34 жаштагы А. Т., 28 жаштагы А.Т., 30 жаштагы Д.Н. жана 33 жаштагы А.Т. Алардан "Сайга-12" үлгүсүндөгү курал табылган.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости