www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кооптуу жайда жашагандардын жарымынан көбү мамлекет тарабынан жардам алганы менен коопсуз жерлерге көчпөй жатат. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров өткөрүп жаткан жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

"Кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды коопсуз жерлерге көчүрүү маселеси чечилбей келүүдө. Көчүрүү зарыл болуп жаткан 3 859 үй-бүлө бар. Анын ичинен мамлекеттен жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөй жаткандардын саны 2 488. Калгандар жардам ала элек", — деди министр.

Бирок министр көчпөй жаткан жарандар менен кандай иштер жүргүзүлүп жатканын жана алар кайсы облустарда экенин айткан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости