www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Феликс Кулов: «Келерки жазда мамлекетибиз тынч эле болот»

Бизде ар бир шайлоо жөн өтпөй калган. Эгемендик алган күндөн ушундай жаман адатты жакшы өздөштүрдүк. Өтпөй калган партия же талапкер сөзсүз түрдө бийликке нааразы болуп, анысы аз келгенсип, элди көчөгө чыгарганга үлгүрүшөт. Ал эле эмес дүрбөлөң, акыр-аягы бийлик алмашууга чейин барат.

Бу жолку шайлоону бийлик «таза өткөрөбүз» дешти эле, ал да өз максатына жетпей калдыбы же?.. «Жоону сайса ким сайды, аты калда Манаска» дегендей, баягы эле президент «күнөөлүү» болуп атат.

“Бийликке каршы күчтөр жазга карата даярданышып, каршылык көрсөтүшөрү болжонууда. Оппозициянын биригүүсү иш жүзүнө ашабы? Мындан ары саясый кырдаал кандай нукта өнүгүшү мүмкүн?”

- Менимче, келерки жазда мамлекетибиз тынч эле болот. Себеби, илгерки Акаевдин же Бакиевдин тушундагыдай күчтүү оппозиция жок. Андайдын карааны да көрүнбөйт. Элибиз дагы бир төңкөрүштү колдобойт, тынч жашоону самап турушат, козголоңдон чарчашты.

Азыр биринчи орунда саясат эмес, экономика турат. Канткенде мамлекетибиз кыштан чыгат? Андан ары жаз алды жаңы тиричилик. Азык-түлүк кымбат, курулуш материалдарына болгон баа күн сайын көтөрүлүүдө.

Ички-тышкы миграцияны кантип токтотуу керек? Ошондой эле инвестиция тартуу ж.б. маселелер толтура. Бийлик мына ушулар менен алек болгону оң.

Булак: Азия News гезити

Последние новости