www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Байден Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном облусунан товар импорттоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Мыйзам аймактагы куугунтуктоого жоопкер бардык тараптарга тиешелүү экенин Ак үйдүн маалымат кызматы кабарлады.

"Уйгурларды мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу" мыйзам долбоору акыркы бир жыл бою Конгрессте каралып, кабыл алынган.

Кытай өз кезегинде Байдендин бул кадамына каршылыгын билдирди. Расмий Бээжин АКШны "Кытайдын ички ишине кийлигишти" деп күнөөлөп, эл аралык мамилелер жана укук нормаларын бузуп жатат деп айыптады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү АКШ тараптан "катасын тез арада оңдоого" чакырды.

АКШнын Каржы министрлиги 10-декабрда Шинжаңдагы куугунтуктоолорго байланышы бар эки аткаминерге жана бир нече компанияга санкция киргизген. Эмдиги жылы Бээжинде өтө турган кышкы Олимп оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости