www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлда берген онлайн брифингде коронавирус менен ооруган бейтаптар таба албай, тартыш болуп жаткан дарылардын эки кампасы табылганын билдирген.
Маалыматка ылайык, ал кампаларда пневмония жана коронавирус илдетин дарылоодо эӊ зарыл болгон гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарылар катылып жаткан. Бүгүн социалдык тармактарда ал кампалар Өмүрбек Бабановго тиешелүү экенин жазган билдирүүлөр пайда болгон. Буга байланыштуу экс-саясатчы Бабанов бул маалыматты төгүндөдү:
"Калп канчалык чоң болсо, ошончолук бат таркайт!
Кара пиарды жасоону токтот! Андан көрө, муктаж болгондорго жардам бергиле! Фейсбукта жана айрым сайттарда дары-дармек склады мага тиешелүү деген жалган маалыматты таркатып башташты. Эмне үчүн минтип алдап жатасыңар? Биздин доктурлар ар бир адамдын өмүрү үчүн, мекендештерибиз ар бир дем үчүн күрөшүп жатышканда, мындай кыянаттык менен калпты колдонууга болобу?
Социалдык тармактарда отурган жана жалган материалдарды бөлүшкөндөрдүн баарына мен айткым келет. Азыр адамдардын эмоциясын кыянаттык менен пайдаланган учур эмес! Азыр чындыкты айтыш керек!
Дары кампасы мага же менин туугандарыма таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок!
Таң калганым, каржы полициясы жана өкмөт бул кампалар кимге таандык экендигин эмнеге дароо ачык билдиришпейт? Көбүнчө алар тез эле аттарын аныкташат, эмне үчүн азыр унчугушпайт? Кимге таандык экенин расмий түрдө тезинен жарыя кылыштары керек, болбосо чоң суроолорду жаратып жатышат.
Складда, бул дары-дармектер да мага же эжемдин компаниясына эч кандай таандык эмес! Бирок элге чыгарбай катып жатышкандыктан аларды конфискациялап, элибизге бекер таратуу керек!", - деп жазган Бабанов.
Булак: NazarNews.kg