www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын жол-куруучу компаниялар ассоциациянын президенти Мирлан Исраилов 13-июлда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде пневмониядан каза болду. Бул тууралуу аталган мекеменден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Мирлан Исраилов 27-июндан бери аталган илдет менен күрөшүп жаткан. Ал 48 жашта болчу.
"Артында жубайы, бир кызы жана бир уулу калды. Орду толгус чоң жоготууга учурадык. Кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө бардык жолчулардын атынан көңүл айтабыз", - деп айтылат аалыматта.
Мирлан Исраилов 1972-жылы 21-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулуп өскөн.
1989-жылы Балыкчы шаарынын Саякбай Каралаев атындагы орто мектебин артыкчылык менен аяктаган. Ошол эле жылы Ысык-Көл облустук сотунун кылмыш иштери боюнча катчы кызматына орношкон.
1990-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетине тапшырып, 1993-жылы ошол эле университеттин юридикалык факультетине которулуп 1997-жылы жогорку билимге ээ болгон.
1996-жылы Балыкчы шаарында жеке ишкер болуп катталып, иш жүргүзө баштаган.
2006-жылдан 2010-жылга чейин Кант шаарындагы “Теплоснабжение” мекемесинде складдык тейлегич болуп иштеп келген.
2011-жылы “Чу Прокси” жоопкерчилиги чектелген коомдо коммерциялык директор кызматын аткарып,
2016-жылдан баштап "Чу Прокси" жоопкерчилиги чектелген коомдо башкы директордун кызматын бүгүнкү күнгө чейин ээлеп келген.
Мирлан Исраилов өлкөдөгү жол куруучу компаниялардын башын бириктирип, 2019-жылы ассоциация түзгөн.
Булак: NazarNews.kg