www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ой деген учкан куштай күлүк. Кечээги күнү айтканыңдын куйругун кайра кармай албай калышың турган иш. Муну айрыкча эки жыл мурда депутат болуп келгендер жакшы билишет. Шайлоонун алдында, жаңыдан мандат алып, төш белгини көкүрөгүнө жаркыратып тагынганда толкунданып сүйлөгөндөр болгонун жамы журт көрүп, уккан.
Биз жай турмуштагы адамдардай эле нан жеп, сүт акталган чай ичебиз. Кофе, какао дегенге жолобойбуз, майлуу тамакты чени менен пайдаланабыз. Артыкчылыктын эч кандай зарылчылыгы жок деп тикесинен тик турушкан ошол кезде. Аттиң, ал күндөр таман алдына бастырылып ташталды. Бакырчаак фракциянын өкүлдөрү Өмүрбек Бабановду астына чалып алышып, унаа, квартира, жардамчы дегендерден толук баш тартабыз деп үн чыгарганда капталдан качыра кабыргадан “тиштигендер” парламентте көпчүлүктү түзүп кеткени кызык болду. Көрсө антип сарамжалдуу болбой эле койдук дегендердин таштары тигилердикинен салмактуу экен. Чунаңдагысы келгендердин саны 36 болсо, өкүрөңдөгөндөрдүкү эки эсе болуп чаңга бастырып коюшту чиркин! Президенттик шайлоонун алдында кайкып учкан сагызгандын тумшугун таш каптырышты көпчүлүк.
Ошентип пиарлоонун кекиртегине сыйрытмак салынып, “Республика-Ата-Журтчулардын” номуру өтпөй калды.
Арийне, күрөштүн түркүн амалдары бар. Өмүкеңдин кеңешчилери дагы далай катылган көзүр карталарын сары майдай сактап турган кези.
Булак: "Ачык сөз"