www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз эстрадасында бул ырчы айымдыкындай мүнөз, талант, үн, күлкү дээрлик жокко эсе. Себеби, Роза Шакирова өзгөчө жан. Ар бир адам менен чын дилден тил табышып, ачык сүйлөгөндү жактырган Роза биз менен агынан жарыла маектешти.
- Роза айым, элдин алкышына уккулуктуу ырларды аткарып татып келе жатасыз. Ыр тандоодо эмнеге көңүл бурасыз?
- Өзүмдүн үнүм эстрада-фольклор жанрына туура келгендиктен, көбүрөөк ушул багыттагы ырларды аткарганга аракет кылам. Мага айрым ырлар жакпайт деп айта албайм. Мен өзүмдөн арык айымдардын кийимдерин кие албайм. Себеби, ал кийимдер мага тар жана батпайт. Мына ошол сыңары мага жарашпаган ырлар бар. Аларды ырдаш үчүн бийлеп же мелизмаларды аябай келтириш керек болот. Мен андай ырларды ырдай албайм.
- Сахнада жүргөндө көп бийлебейсиз. Демек, кызыкпайт экенсиз да?
- Сахнада жүргөндө өзүмдү ээн-эркин алып жүргөндү жактырам. Бирок, жаш ырчы кыздар сыяктуу жулкунуп бийлей албайм. Ал эми жакындарым, досторумдун арасында жакшы эле бийлейм. Бий үйрөнүү үчүн атайын сабак албайм. Болгону мага таандык кыймыл-аракеттерим бар.
- Көп кырдуу таланттын ээси экениңизден да кабарым бар. Куудулдук өнөрүңүздү качан ачыкка чыгарасыз?
- Элдин мен тууралуу биле элек эч нерсе калбады. Себеби, ачык мүнөз жаным баарын бетке эле айта бермей жайын бар. Куудулдук өнөрүмдү да буюрса баары билип калышты. Мага адамдарды күлдүрүп, алардын маанайын көтөрүү жагат. Анекдот көп айтып, айрым таланттуу инсандарды туурап коймой жайым бар. Айрым учурда мен туураган инсандар туура эмес тушүнүп алышып, мага абдан капа болуп калышат.
- Гүлнур Сатылганованы туурап, аны капа кылып алганыңызды да уктум эле...
- Ооба, туура. Мына ошол окуядан кийин эч кимди туурагыс болдум.
- “Бетке айтмай жайым бар” деп калдыңыз. Бул мүнөзүңүздөн жапа чеккен күндөрүңүз болдубу?
- Ооба, болду. Мындан улам азыр бетке да айтпай калдым. Болгон нерсени ачыкка чыгарбай, акырындык менен ичиме сактаганды үйрөндүм. Эгер жакшы жашагың келсе, анда ичке кичине сыр сактап коюш керек экен.
- Сахнада жүрүп эмнеге жетиштиңиз да, эмнеге жетпей калдыңыз?
- Сахна төрүндө жүрүп, элге кызмат кылып жатканыма абдан кубанычтамын! Эл адамы болуу оңой эмес. Түйшүктүү кесипти аркалап, көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Бактымды таптым, уулдуу болдум. Мен жетпеген эч нерсе жок. Мен телегейим тегиз бактылуу айыммын!
- Өзүңүздүн өң-келбетиңизге канаттанасызбы?
- Ооба, албетте. Жараткан тартуулаган өң-келбетиме абдан ыраазымын! Арыктап, сулуу болуунун аракетин көрбөйм. Себеби, өзүмдүн формам мага жагат. Тамакты таптам жеп, уктаганды жактырам.
- Кийим-кечекке болгон табитиңиз кандай? - Кийимге болгон табитим укмуш деп айтпайм. Себеби, дүкөндү кечке кыдырып, жөн эле айланып жүро берген жакпайт. Дал келген кийим болсо алып кетип калмай жайым бар. Кийимдин кооздугуна эмес, көбүрөөк жарашыгына карайм.
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg
Гүлнурду туураганда...