www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылкы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов мекенинен качпай эле күрөшсө болмок. Ал кезде рейтинги бийик болчу. (Сокени админресурстун күчү менен Атамбаев алдыга сүрөп койгону жалганбы?). Эгер бийлик камап койсо да чыдап, сабырдуулук кылып, каршылык көрсөтө бергенинде, Садыр Жапаров экинчи планда калып, президенттикке шайланмак эмес.

Тилекке каршы, Бабанов дүнүйөкор, коркоктугунун айынан саясий карьерасына балта чапкан! Кудай деле мүмкүнчүлүк, табылга берет тура. Асырап алуу ар кимдин эле колунан келе бербейт экен. Жалындап күйгөн жүз миңдеген колдоочуларына Бабанов түкүргөндөй кылып, өлкөдөн безип кеткени, кийин келип алып да жалтактап, коён мүнөздүгү менен баарын өлтүргөн. Байлыгын тиги дүйнөгө ала кетмек беле? Дээрлик мүлкүн тарттырып жиберсе да аягына чейин күрөшүп, эл тарабында намысын байрак кыла көтөрүп турганында, кандай жеңиш күтүп турганын элестетип көргүлө.

Айтор, жаны таттуу Бабановдун амалкөй, куулугу акыры өз башына тийди.

Булак: Азия News гезити

Последние новости