www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартылышын колдойм. Мамлекеттин экономикасына караганда, биздин жарандардын ден соолугу жогору турат”,-деп депутат бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда  айтты.

Депутат экономиканы да таштап койбош керектигин билдирип, жазгы тала иштеринин маселесин көтөрүп чыкты.

“Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүйдө кечээ жааган кардан үшүк алып кетти. Ошол боюнча жер-жерлерде комиссия түзүлүп, зыян тарткан дыйкандарга жардамдарыбызды берсек. Акчалай болобу, же кандай болсо дагы...Бир жылдык кирешеси дыйканчылык менен чектелген дыйкандарыбыз бар. Мына ушундан кол жууп отурат. Акыркы жааган кар канчалаган дыйкандарга зыян келтирди. Ушуну карап коюңуздар, бар мал-мүлкүн сатып, жерге жумшап алып, бүгүнкү күндө акчалары жок отурушат”,-деп депутат Өмүрбек Бакиров Кубатбек Бороновго кайрылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости