www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыбал оңоло баштаган жерлерде айрым талаптар жеңилдейт, ал эми коркунуч азайбаган калктуу конуштарды локализация жасап, ар бир айыл жана шаар үчүн өзүнчө режим болот. Бул тууралуу президент Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатканда айтты.
"Эми ар бир аймактагы кырдаалды кылдат иликтеп, даректүү иш-аракеттерди жасайбыз. Өкмөт, жергиликтүү бийлик менен кеңешип, акыбал оңоло баштаган жерлерде айрым талаптарды жеңилдетебиз. Ишкер чөйрөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алып, жумуш орундарын жоготпоо максатында айрымдарына уруксат берүү каралат. Бирок коркунуч азайбаган калктуу конуштарды локализация жасап, ар бир айыл жана шаар үчүн өзүнчө режимди колдонууга барабыз. Ошол эле учурда өлкөнүн сырткы чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтарып, башка өлкөлөр менен болгон байланышты чектөөнү улантабыз", - деди мамлекет башчы.
Булак: NazarNews.kg