www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев бүгүн, 22-февралда жакындары Тажикстанда кармалып турган адамдар менен жолугушту. Жолугушууда Суваналиев Тажикстанга укук коргоо өкүлдөрүнүн коштоосунда барып, кабар алууну көздөп турганын айтты:

«Азыр Тажикстанда кыргызстандык үч жаран кармалып турганы жөнүндө маалыматым бар. Өткөн жума күндөн бери бул маселени чечүү боюнча күч кызматкерлери менен чогуу иш жүргүзүп жатабыз. Аларды «чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн» деген жүйө менен кармашыптыр. Ал эми Интернетке «кыргызстандыктарды барымтага алып кетти» деп тарап жаткан маалыматтар жалган».

Өмүрбек Суваналиев чек араны мыйзамсыз бузуп өтүүнүн айып акчасы 250-300 миң сомду түзөрүн да кошумчалады. Анын айтуусунда, өткөн жылы Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз бузуп кирген тажикстандык жарандардын төлөгөн айыптын жалпы суммасы 7 миллион сомго жеткен.

Жолугушууга өкмөт өкүлүнөн тышкары жергиликтүү күч кызматтарынын жетекчилери, Баткен районунун акими да катышты.

Бүгүн, 22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүгө көмөктөшүүсүн облустук бийликтен талап кылышкан. Алардын айтуусунда, «чек арадан мыйзамсыз өткөн», «аткезчилик товар ташыган» деген себеп менен жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам Тажикстанда камалууда. Бул маалымат расмий тастыкталган жок.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости