www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саясатчы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча прокуратуранын доо арызын карап жатат. Анда саясатчы журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, Башкы прокуратуранын чечими күтүүсүз болгон.

«Прокурорлордун айыптоодон баш тартуусу мен үчүн абдан күтүүсүз болду. 4 жылдан бери алардын иш алып баруу стили менен мүнөзүн билип калгам. Прокуратура репрессиялык орган. Ал өзүнүкү туура эмес болсо деле соттоп бер деп көгөрүп өз позициясында тура берет. Бирок бул жолку чечими күтүүсүз болду», - деди Текебаев.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «Мегаком» иши» боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Ишти кайра кароого райондук сотко жиберген. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости