www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Медицина мекемелерине жумушка кирүү коррупциялашып кеткен”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--“Бүгүнкү күнгө чейин мамлекет жеке секторго өткөрүп берүүдө көзөмөлдөй албай калуу жана башкаруучулук функциясын жоготуп алуу коркунучунан улам өткөрүп бербей келет. Медицинанын жеке секторго өтүшү ошол эле учурда дарыгерлердин чет өлкөгө жумуш издеп кетүүсүн алдын алып, бүгүнкү күндөгү кадр жетишсиздиги маселесин чечмек. Анткени мамлекеттик медицина мекемелерине жумушка кирүү коррупциялашып ишке орношуу да бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ошол эле учурда дарыгерлердин айлык маянасынын орточо көрсөткүчү 5600 сомду түзөт. Мына ошого байланыштуу өзүнүн күчүнө, билимине ишенген күчтүү дарыгерлер чет мамлекетке чыгып кетишүүдө”, - дейт экс-депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости