www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маевский жана «Мегакомдун» иши боюнча Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун акталышканы - чындыгында эле кескин бурулуш болду. Буга чейин ит жыгылыш оюн уланып келе жаткан. Өмүрбек Текебаев бийликти сындап атып, ал ортодо жаңыдан жеткен мандатынан да ажыраган эмеспи. Кайрадан сопук процесстердин эзүүсү башталса, карама-каршы күрөштөр улана бермек.

Айрым булактардын баамында, ортого Камчыбек Ташиев түшүү менен Садыр Жапаровдун маанайын жумшартканы, Өмүрбек Текебаевди Бельгияга элчи кылууга макулдугун алганы ыраспы? Дал ушул кеп тар чөйрөдө талкууга алынууда. Ким билет? Баардык куугунтук иштери токтоп, акталгандан кийин жаңы кызмат деле күтүп турушу мүмкүн. Учурда бийликтегилер таасирдүү, карт саясатчыларды алдап-соолап, тоскоолдук жаратпагандай шартты түзүп алышкандары маанилүү.

Дагы бир жагынан алганда, эгер Текебаев Бельгияга элчи болуп кетип калса, анда саясатчы катары жүзүн жоготот, көптүн бири сыңарындай сыпатталып калат да. А балким акталып алгандан кийин бийликтин сунуштарынан баш тартып, оппозиция лидерине айланып кетсечи? Баарын сызга отургузуп. Күтсө болот. Кайсы тарабы утушка жетерин көрө жаталы.

Булак: Азия News гезити

Последние новости