www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алды

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берди. Аталган комиссия арызды кечээ, 15-октябрда карап, көпчүлүк добуш менен мандатты кайтарып берүүнү чечишкен.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганы 10-октябрда белгилүү болгон. Бирок БШК арызды канааттандыруудан баш тарткан. Мунун себебин Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Ата Мекен» фракциясында бош орун жоктугу менен түшүндүрүп, кимдир бирөө мандаттан баш тарткан учурда гана кайра кайтарып алууга болорун айтышкан. Мындан улам «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз: «Мандатымдан Өмүрбек Текебаев үчүн гана баш тартам. Эгер андан башкага бериле турган болсо, менин арызым күчүн жоготту деп эсептелет», — деген талап менен өзүнүн мандатынан баш тарткан. Мунун себебин ал учурда парламентке Текебаевдей күчтүү саясатчы жетишпей жатканы менен түшүндүргөн.

Эске салсак, БШК аталган арызды 13-октябрда карап, бирок кворум жоктугуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости