www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилдерде парламентте 120 депутаттын болушу эки палаталуу парламент түзүлүшүнө кам көрбөсө болбосун сездирип турат. 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Конституция боюнча эл өкүлдөр палатасына көбүрөөк оорун берилип 70 мандат, мыйзам чыгаруучу жыйынга 35 депутат шайланып келе турган. Эми да эл өкүлдөр палатасына айлык акы, машина, квартира дегенди жок кылып, кайсыл округдан шайланса, мөөнөөтү аяктаганча ошол округда туруктуу жашоо милдеттендирилиши керек. Бир жылда эки жолу сессияга келип кеткен чыгымын бюджеттен компенсация катарында гана төлөп бериш керек. Ал эми мыйзам чыгаруу жыйынына юридикалык билими, тажрыйбасы бар гана кандидаттар шайланып, мурункудай саны 35 тен ашпай, туруктуу айлык акы берилиш керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg