www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул мага каршы уюштурулган саясий буюртма. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Kaktus.media» маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирди.
Анын айтымында, тергөө иштериндеги маселелерди 2 айдын ичинде чечүү болот, ал эми сот иштери бир жарым жылдан бери жүрүп жатат.
«Бизди соттогондо дагы, ыкчам тергөө иштери жүргөн. Жээнбековдун учурунда дагы парламенттик шайлоого катышпаш үчүн атайылап созуп келген. Буга байланыштуу мен шайлоого катышуудан баштарткам», - деди Текебаев.
«Мыйзамдарда мандат номер боюнча эмес, кийинки талапкерге берилет деп жазылгандыгын эсиңиздерге салгым келет. Мен талапкерлердин тизмесинен чыккан жокмун, демек мен кийинки талапкер болдум. Эгерде актоо өкүмү чыкса, анда сот БШКны мандатты кайтарып берүүгө милдеттендирип, андан кийин БШК мандатты бирөөдөн алып салышы мүмкүн. Бирок андай чечим болгон эмес», – деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев эч ким менен соттошпоорун айтып, мандаты алынганга чейин жумушка чыгаарын жана ал буга БШКнын чечими керек экендигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «Мегаком» иши боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Ошондой эле Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду эки жакка чыкпоо тууралуу тилкат алып камактан чыгарган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg