www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пара талап кылуу фактысы боюнча жактоочу кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-декабрында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү ("Пара талап кылуу") фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош облусундагы Өзгөн районунан талап кылган акча каражатынын бир бөлүгү 40 миң сом алып жаткан жеринен "А.К." аттуу жактоочу кармалды.
Маалым болгондой, жактоочу "А.К." мүлк талашына байланыштуу жарандык иш боюнча маселени оң жагына чечип берүү максатында Өзгөн райондук сотунун судьясына берүү үчүн 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган соттун катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg