www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финанпол: Бажы кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Финансы полициясынын Ош шаардык башкармалыгы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлерине карата «Достук» бажы постунан товарларды аткезчилик менен алып өтүү, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иши козголду.

Аныкталган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Азыркы тапта аткезчилердин кызыкчылыгын колдогон бажы кызматкерлеринин кылмышка катышы иликтенип, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп жатканын Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости