www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Асхат Түлөбердиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК Бишкек мэриясындагы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоого, бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Анын алкагында Бишкектеги жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугун берүүдө мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Маалыматка караганда, 2017-жылы Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын жана «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын айрым кызмат адамдары жер участокторун берүүдө жасалма аукциондорду өткөрүшкөн.

24-декабрда «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Асхат Түлөбердиев жана жасалма аукцион өткөрүүгө катышкан З.М.М. аттуу жаран кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары «Коррупуия» беренеси менен катталды. Териштирүү иштери жүрүүдө.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости