www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев бул тууралуу 24.кг агенттиги менен болгон маегинде билдирди.

Абактагы саясатчыдан анын адвокаты аркылуу жазуу жүзүндө алынган интервью бүгүн жарыяланды.

24.кг агенттигинин: “Сиз азыр өз саясий ишмердигиңиздеги эң ири саясий ката деп эмнени моюнга аласыз?” деген суроосуна Өмүрбек Текебаев: “2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин президент Роза Отунбаева Конституцияга ылайык КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевге өкмөт куроону тапшырды. Алмазбек Атамбаев муну ойрон кылды. Ошондо Роза Отунбаева өкмөттү куроо мандатын “Ата Мекен” парламенттик фракциясына, мага тапшырарын ачык билдирген. Мен мандаттан Өмүрбек Бабановдун пайдасына баш тарттым, ал премьер-министрдин кызматына Алмазбек Атамбаевди көргөздү. Ошонун эсебинен кийин ал өлкөнүн президенти болуп калды. Менден көптөгөн саясатчылар, фракция лидерлери мандаттан баш тартпашымды өтүнүшкөн, ал түгүл талап кылышкан. Бирок мен аларды уккан эмесмин, дал ушуну мен өзүмдүн эң башкы саясий катам деп эсептейм. Эгер мен өкмөттү куроо мандатынан баш тартпаганымда, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болмок эмес”, - деп жооп берген.

Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов "орус ишкеринен бир миллион доллар пара алды" деген айып менен ар бири сегиз жылдан абакка кесилишкен.

Текебаев өзүнө каршы кылмыш ишин “саясий куугунтуктук” деп атап, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин андан “саясий өч алуусу” экенин сот жараяндары учурунда белгилген.

Саясатчы жаза мөөнөтүн учурда Бишкектеги 47-түрмөдө өтөп жатат. Анын адвокаттары эми БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрыла турганын маалымдашкан.

Булак: Азаттык

Последние новости