www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айымдос Бозжигитовду дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. 

Жолугушууда Мамлекет башчысы Айымдос Бозжигитовго анын Казакстандын Кыргызстандагы Элчиси катары кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. 

«Биздин өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин орношунун 25 жылдыгын жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө Келишимине кол коюлгандыгынын 20 жылдыгын белгилешти. Бизди эки тараптуу мамилелердин бекем негизи болгон бир туугандык, жакшы коңшулук ажырагыс байланыштар, тилибиз жана маданиятыбыздын жакындыгы байланыштырып турат. Биз өз ара урматтоо жана пайдалуу кызматташтыктын принциптеринде мамилелерди бекемдөө үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. 

Мамлекет башчысы Элчи Айымдос Бозжигитовго мындан аркы ишмердигинде ийгиликтерди жана бардык жакшылыктарды каалап, ал дайым Кыргызстанда кадырлуу конок болоорун белгиледи. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости