www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы "Кыргыз түрктөрү" маданият коомунун мүчөсү Бүнямин Токер "Азаттыкка" билдиргендей, Сириянын Африн аймагында операцияга катышып жүргөн түрк армиясынын катарында вандык жыйырмадай кыргыз бар.

- Биз Анкара шаарында кыргыздар чогулуп, Афринде согушуп жаткан аскерлерибизге колдоо жана көңүл буруу үчүн боз үй тигип, палоо басып элге тараттык. Миңдеген түрк аскерлеринин арасында биздин Улуу Памир айылынан жыйырмадай жигит жүрөт, - деди ал.

Түркия Сириянын түндүк-батышындагы “Зайтун бутагы” деп аталган аскердик операциясын 20-январда баштаган. Түрк армиясы бул аймактан күрт кошуундарын сүрүп чыгып, 30 чакырымдык "коопсуз тилке" түзүүнү көздөп жатат.

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында эки миңден ашык кыргыз отурукташкан. Ал эми жалпы Түркия боюнча беш миңге чукул кыргыз жашайт.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости