www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шейшемби күнү, 13-февралда, “Түндүк электр” ААК өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы 7 224 турмуш-тиричилик абоненттеринин электр камсыздоосун өчүрүүнү мерчемдөөдө, алардын карыздары 24,2 млн.сомго жакын каржыны түзөт. Кыш мезгилинин ызгаар суугунда ыңгайсыздыктарды жаратпаш үчүн акционердик коом дебиторлорго тез арада карыздарын төлөөнү сунуштайт.

“Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI»  электрондук капчыктарынан жана «Айыл Банк» кассаларынанжүргүзүлгөн  электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости