www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Ага отставкага кетип жаткан президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Садыр Жапаров да катышууда.

Андан тышкары кайра депутат болгон Өмүрбек Текебаев ант бермек. Жыйында ал да сөз сүйлөдү.

«Бүгүн тарыхый учурда Камчыбек Ташиев жөнүндө бир ооз сөз айтпасам болбойт. Камчыбек Кыдырмаевич досун түрмөдөн гана бошотпостон, аны саясий олимптин чокусуна алып чыкканга чоң салым кошту. Ал достуктун үлгүсүн баарыбызга көрсөттү. Бүгүнкү күндө эгиз козудай ээрчишип бардык жерде чогуу жүрүшөт. Аны көргөн эл Камчыбек Ташиев кандай кызматта, ал кандай статуста деп суроо салууда. Илгери госсекретарь деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын "дос секретарь" деп айтар элем. Госсекретарга эскертүү, сөгүш берсең, жумуштан алмаштырсаң болот эле, доссекретарды алмаштыра албайсың, андан кутула албайсың. Ушул кезге чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун трагедиясынын негизги себеби, эбегейсиз бийликти өз колдоруна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын достору, туугандары көргөндүгүндө болгон. Аларды аңга, жарга ошол достору түрткөн. Бул сизге, Садыр Нуркожоевич, сиздин командаңызга чоң сабак болуш керек. Ошондуктан Камчыбек Кыдырмаевич сиздин жоопкерчилигиңиз, тарых алдында кем эмес. Балким андан да жогору», - деди Текебаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости