www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жыйынында сөз сүйлөп жатып кандай кыялы бар экенин айтты. Ал «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууну чоң максат катары көздөгөнүн айтты.

«Ар бир президенттин чоң кыялы, максаты болот экен. Менин амбициялуу максатым — «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору эле. Бул долбоор боюнча жогорку денгээлдеги сүйлөшүүлөр болуп, саясий чечим кабыл алынган. Эксперттер ишке кирип, маселе ордунан жылган. Билесиздер, бул долбоор Кыргызстандын келечеги үчүн аба менен суудай зарыл. Бийликке келе жаткан азаматтарга ушул ишти улантуу аманатын калтырып, кетип жатам. Кудайдын колдоосу менен ушул долбоордун ишке ашуусун тилейм».

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын сентябрь айында «Биринчи радиого» берген маегинде Кыргызстанга келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен аталган темир жол долбоору боюнча талкуулаганын айткан.

Ал бул долбоорду ишке ашырууга Кытай тарап да кызыкдар экенин, Орусия менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу отставкага кетерин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости