Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрга белгиленди
Борбордук Азия жаңылыктары  |   |  303

Тажикстандын кайрадан шайланган президенти Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрга белгиленди. 

Бул күнү өлкө парламентинин жогорку жана төмөнкү палаталарынын биргелешкен жыйыны өтөт. Тажикстандын мыйзамы боюнча, президент расмий түрдө ишке киришүү үчүн эки палатанын биргелешкен жыйынында ант берүүсү зарыл.

Эске салсак, Тажикстанда 11-октябрь күнү президенттик шайлоо өткөн. Анда шайлоочулардын 90 пайызынын добушун алган Эмомали Рахмон төрт атаандашын артка калтырып, кайрадан өлкө башчылыкка келген. 

Булак: NazarNews.kg


 

Поделитесь с друзьями