www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаевдин абалы оорбу?

Алдамчылык жана коррупция боюнча айыпталып эркинен ажыратылып, № 47 абакта жазасын өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу кескин начарлап кеткенин саясатчынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова айтып чыкты.

Бул туурасында ал: «Ооруганучурда Өмүрбек Текебаев кардиологдун текшерүүсүнөн өткөн. Дарыгерлер 3 ай ичесиң деп бир топ күчтүү дарыларды жазып беришкен. Андан бери жарым жылга жакын убакыт өтгү. Дарыгерлер кайра текшерип, дарылардын ичүү тартиби өзгөрөбү же уланта береби айта элек. Текебаевдин учурда абалы оор, жарым жыл мурун жазып бер- ген дарыларды дагы деле ичип жатат", - деп билдирди.

Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты четке кагып, «Таалайгүл Токтакунованын айтканы чындыкка дал келбейт. Өмүрбек Текебаев дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ушул жылдын январь айында толук медициналык текшерүүдөн өткөн», - деп маалымат таратты.

Арийне, Текебаевдин ден соолугу начарлап кетти деген шылтоо менен мөөнөтүнөн мурда бошотулат деген сөздөр жөн жеринен айтыльш жатпаган окшойт. Бул жагдай анын адвокаттынын билдирүүсүнөн кийин айкын болду.

Булак: Фабула

Последние новости