www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөгөндөн башка жолу жоктугун Кытай Эл Республикасынын элчиси Сяо Цинхуа айтып чыкты. Ал өз сөзүндө: «Кытайдын насыя-лары жеңилдетилген түрдө берилет. Кыргызстан анын пайдасын жакшы эле көргөнүн баарыбыз билебиз, Насыяны кайтаруу келишимдин негизинде болот. Кытай тарапта башка шарт жок» - деп кескин билдирүү жасады.
Ошондой эле, Кытай карыз бергенин жана ал каражаттын кандай пайдаланылганы Кыргызстандын ички маселеси экенин дагы кошумчалап, ТЭЦтеги ызы-чууңарга тиешебиз жок дегенди кыйытты.
Каржы министрлигинин маалыматыңда Кытайдын «Экспорттук-импорттук банкына» Кыргызстан 1 млрд. 711 млн. доллар карыз. Бул сумма жалпы сырткы карыздын 41,3 пайызын түзөт, деп жазат "Фабула" гезити.
Булак: "Фабула"