www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен жолугушуусунда айтылды.

Өкмөттүн маалыматында, жолугушууда президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 1-2 февралында Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.

Кохир Расулзода эки мамлекет соода-экономикалык алакаларын өнүктүрүүсү жана бекемдеши керектигин баса белгилеп кетти.

«Азыркы тапта соода жүгүртүүнүн расмий статистикасы эки өлкө ортосундагы учурдагы мүмкүндүктөрүн чагылдырбайт. Буга байланыштуу тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарын кеңейтиши керек. Өзгөчө экономика, транспорт, энергетика жана айыл чарба жаатындагы эки тараптык кызматташтыкты активдештирүүгө көңүл буруу керек», — деди ал.

Аны менен катар жолугушуунун катышуучулары суу-энергетикалык жааттагы кызматташтык боюнча маселелерди талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости