www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соңку беш жыл ичинде козголуп, бирок белгисиз себептерден улам токтотулган кызматтык жана экономикалык багыттагы кылмыш иштери кайра жанданат. УКМКдагы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын карамагындагы токтоп турган кылмыш иштеринин тизмеси Башкы прокуратурага жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырылганын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кабарлады.
Буга чейин коомчулукта "унутта калган чуулгандуу кылмыш иштерин президент аягына чыгарышы керек" деген сунуштар айтылып келген. Эми коомчулуктун назарындагы аягына чыга элек "Бир Бол" фракциясынын депутаттары Исхак Пирматовго, Игорь Чудиновго, Акылбек Жапаровго, КСДПдан Музаффар Исаковго, Нурмахамат Баяхуновго жана мурдагы чакырылыштагы "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нурлан Сулэймановго байланыштуу козголгон коррупциялык кылмыш иштери кайрадан жанданып, күнөөлүүлөр жазасын алышы шарт.
Эгер андай болбосо, президент Сооронбай Жээнбеков токтотулган кылмыш иштерине шылтоолоп күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин алмаштырууга гана кызыкдар болгон болот. Элге мындай фокустун кажети жок.
Булак: "Фабула"