www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- 7-апрелде айрым күчтөр митинг өткөрүп, президентке бир катар талаптарды коёт экен. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгууда. Ушундай талап менен митинг өткөрүү азыркы учурда канчалык маанилүү?

- Азыр митингдин эч кандай зарылчылыгы жок. Ага негиз бере турган жагдай да жок. Муну уюштуруп жаткандар тар кызыкчылыкты көздөп, айрым күчтөрдүн куралына айланып жатса керек. Жалпы эл шайлаган президенттин ишке киришкенине кыска гана убакыт болду. Мына ушул аралыкта өлкө башчысы ички жана тышкы саясатты туура багытка сала алды. Коңшулар менен мамилени бекемдей баштады. Эми ушундай иш баштаган президентке бут тоскон мамлекетке болгон чыккынчылык деп да айтсак болот.

- Президент үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жол бербесин деген талапка кандай карайсыз?

- Мындай талапты Сооронбай Жээнбековдон кынтык таба албагандар токуп жатат. Президент кландык башкарууга каршы экенин баары жакшы билет. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда жетекчилик орундарда иштеп келген адам. Убагында үй-бүлөлүк башкарууга азыркы мамлекет башчысындай катуу каршы тургандар аз. Андыктан мындай айыптоолорду айткандар эч качан абийир таппайт. Жумушсуз калгандар бут тоспой, тескерисинче, жардам беришсин.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости