www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Гүлнара айым, кыргыз сахнасында эмгектенип, элге кандай кызмат кылдыңыз?
- Узак убакыттан бери башка кесиптештерим сыяктуу эле кызмат кылып келе жатам. Мындан ары да тыным албай эмгектене берем. Кыргыз сахнасында жүргөнүмө быйыл Кудай буюрса жыйырма жети болду. Бул жылдар аралыгында мен көп нерсени көрдүм. Элимден айлансам болот эл менен өнүгүп өстүм. Азыр мен эч нерсеге нааразы эмесмин. Жыйырма жети жыл мен үчүн чек эмес. Алдыда дагы чыгармачылыгымды улантып, жагымдуу чыгармаларды кыргыз элиме тартуулай берүүдөн эч тажабайм.
- Жыйырма жети жыл аралыгында сиз канча ирет жеке концертиңизди бергенге үлгүрдүңүз?
- Чынын айтсам, так эсимде жок. Ар бир ырчынын өз учурунда жылдызы жанып турат эмеспи. Мага да ал убак келгенде көп ирет отчёттук, чыгармачылык жеке концерттеримди күйөрмандарыма тартуулагам. Кыргызстандын болгон булуң-бурчун кыдырып, гастролдогонго жетишкем. Акыркы жолу 2008-жылы жеке концертимди бергем.
- Көп концертиңиздин ичинен эң өзгөчөлөнгөн, эсиңизде калганы болгонбу?
- Албетте. Ар бир концерттин өзүнүн өзгөчөлөгү, эсте калган окуялары болот. Мындай окуялар менин башымдан абдан көп болгон. Кээде артка кылчайып өзүмдүн басып өткөн жолума саресеп салым калганымда эстеп жылмайып калам. Кээде кесиптештерим менен чайлашып, жай олтуруп сүйлөшкөндө ал күндөрдү эстеп кечке күлөбүз. Бирок, мен концерттеримден кызыктуу окуяны эмес, элдин маанайын, кол чабуусун, ырдаган ырларымды, концерттин жүрүшү көбүрөөк эстеп калчумун.
- Сахнадан сиз өзүңүзгө керектүү эмнени таба алдыңыз?
- Эң негизгиси мени бактылуу кылган мээримдүү, сүйүктүү, балдарыма камкор ата, мага шерик болгон жолдошумду таптым. Жолдошумдун аркасы менен кыздуу, уулдуу болдум. Азыр бактылуумун. Сахна аркылуу бактымды таптым. Кубанычымды, кайгымды бөлүшө турган досторумду, мени колдоп-коштоп, алдыга сүрөп турган күйөрмандарымды кезиктирдим. Жакшы сөздөрдү, мактоолорду, жашоомо, жан дүйнөмө эң керектүү азыктарды таптым.
- Ал эми мамлекет тараптан бериле турган сыйлыктарчы?
- Мамлекет тараптан бериле турган сыйлыктардын бирин да ала элекмин. Ал сыйлыктар да мага Кудайдын бир буюрган күнү берилип калаар деген үмүт менен жашайм. Мен үчүн эң башкы максат “Эл артисти, Эмгек сиңирген артист” наамын алыш эмес. Ал сыйлыкты алаардан мурун татыктуу болуш керек деп эсептейм.
- 2017-жылдан тарта чыгармачылыкка кызуу киришип, жанданып жатканыңызды байкап олтурам...
- Туура баамдадың кызым. Мен төрөп үйдө олтурсам да, анда да жөн жатпай ырлардын үстүндө иштеп эле жаттым. Канчалык үй-бүлө, жеке жашоо десең да жан дүйнөң каалаган иш, кесибиң, алектене турган ишиң өзү эле тартып тура берет экен. Балдарымды тарбиялап, мыкты үй кожейке болуу менен бирге талантымды да унутта калтырбай колумдан келишинче ырларды тандап, жаздырып чыктым. Ырларым радио толкундардан кетип жатат. Бирок, телеге бере турганга клиптерди тарттыра элекмин. Азыркы учурда эң кичине наристем кичине болуп жаткандыктан иш деп кеткенге мүмкүнчүлүк болбой турат. Буюрса кичине уулумду бутуна тургузуп, бастырып алсам колум бошоп калат.
- Сиздин бир күнүңүз кандай өтөт? Кандай иштер менен алек болосуз?
- Таң эрте балдарды мектепке, жолдошумду жумушка жөнөтөм. Тамак жасайм, үй жыйнайм, кир жууйм. Кайра балдарды тосуп алам. Стол даярдап, тамактандырам. Айымдардын көзгө көрүнбөгөн көр тиричилик оокатын жасап олтуруп кээде бир күнүм кантип өтүп кеткенин байкабай калам. Үйдөгү болгон үй оокатты жасоо баардыгы менин моюнумда. Учурда эне болуп иштеп жатам.
- Чакан мамлекетиңиз тууралуу кеп салып берсеңиз?
- Жолдошум бар. Аты- Уланбек. Жети баланын энесимин. Үч кыз, төрт уулум бар. Улуу уулум он алтыга, улуу кызым жыйырма жашка чыгып эр жетип калышты. Калган балдарым кичине мектеп окушат, бала бакчага барышат. Балдарым эр жеткени таэне, кайын эне, чоң апа болом деген жакшы ниеттерди коюп жатам. Ал күндөр да алыс эмес болсо керек...
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg