www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-мартта Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКеңешинин ТөрагасыДастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу алкагында жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактарындагы көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти. Анын ичинде облустун инфраструктурасы башкы маселе катары айтылып, Кербен шаардык башкармалыгынын аймагында жайгашкан Мамай жана Устукан айылдарына чек арадагы айыл статусун берүү зарылчылыгы көтөрүлдү.

Андан тышкары, айрым калктуу пункттарда таза суу маселеси курч экени белгиленип, Кербен шаарында орун алганТ.Уметалиев атындагы мектептин авариялык абалы тууралуу да сөз жүрдү. Аталган мектеп 1969-жылы ишке берилген менен азыркыга чейин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.

Төрага Дастанбек Жумабековайтылган ар бир маселе боюнча берилген документтер менен таанышып чыгарып билдирип: “Араңардан өз аймагы үчүн күйүп-бышкан жигердүү депутаттарды көрүп жатам. 2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыктан, биздагы айылдардагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана жакшы демилгелерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Мен жакында Ысык-Көл жана Нарын облустарында болуп, жергиликтүү эл менен жолугуштум. Ал жакта да силердегидей көйгөйлөр көп. Андыктан, аймактардагы элдин турмушун оңдоого, айрыкча, билим берүү системасын жакшыртууга аракет кылышыбыз керек. Анткени, шаар менен айылдын ортосунда айырма болбоосу абзел. Балдардын татыктуу билим алуусу үчүн керектүү шарттар менен камсыздоо учур талабы”, – деди.

Жолугушуунун соңунда жергиликтүү кеңештин депутаттары Төрага Дастанбек Жумабековд уушул жылдын май айында Аксы районуна келипкетүүгө чакырышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости