www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ондогон адамдар Таластан Бишкекке жөнөдү

«Республика» партиясынын талапкери Кенжебек Бокоев 5-октябрда Талас шаарында өткөн тынчтык митингдин катышуучулары Бишкекке жол тартты. Бул тууралуу  «Азаттыкка» жазды.

«Бүгүнкү митингге жүздөгөн кайдыгер эмес таластыктар келди. Анда шайлоону тааныбайбыз деген резолюция кабыл алдык», - деди ал.

5-октябрда Талас шаарында тынчтык митинги болуп, ага «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру», «Реформа», «Социал-демократтар» партияларынан 500гө жакын адам чогулган.

Ушул тапта парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» саясий партияларынын лидерлери жана тарапкерлери Бишкекте Опера жана балет театрынын алдында баштаган митингин Ала-Тоо аянтында улантып жатышат. Ал жакта жалпы “Ордо”, “Социал демократтар”, “Чоң Казат”, “Реформа”, “Мекен Ынтымагы” партияларынын өкүлдөрү дагы өз талаптарын айтып жатышат. Алар шайлоо ыплас өткөнүн белгилеп, жыйынтыгын тааныбай тургандарын билдиришүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости