www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров плакаты менен кошо эки куурчак көтөрүп алып Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыккан. Ал шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө, анын ичинде байкоочулар боюнча жаңы сунуштарга нааразылыгын билдирип чыккан.

Анан эле ал жерден милиция алып кеткенин угуп, байланышсак, буларды айтты: “Кое беришти, баары жакшы. Биринчи Май районуна караштуу милициялар суракка алышты, аябай текшеришти. 27-июнга чейин Горький эстелигинин жанынан башка жерге чыкпашым керектигин айтып, катуу эскертишти. Мындай мыйзам бар экен да, “27-июнга чейин эч кандай, жадагалса тынч жыйындар да өтпөсүн!” деген. Ушу кантип болсун? Укпапмын. “Россия” кинотеатрынын алдына барып каалагандай акция өткөрүп алдым»,-дейт Өндүрүш Токтонасыров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости