www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп мобилдүү телефонунун номерин бир катар чет өлкө жетекчилерине берүү менен дипломатиялык протоколду бузуп, коопсуздук кызматынын тынчсыздануусун жаратты. Бул тууралуу The Washington Post гезити маалымдоодо.

Трамптын мобилдүү телефонунун номерин Мексика президенти, Канада премьер-министрине берген. Канада өкмөт башчысы Жастин Трюдо ага чалып жиберүүгө дагы үлгүргөн. Трамп Франция президенти Эммануэль Макрон менен дагы телефон номерин алып-беришкен.

Басылманын маектешинин айтымында, АКШ президенти бекем корголгон имаратта кандай гана мобилдүү телефон менен колдонбосун сүйлөшүүлөрдү башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары тыңдап коюшу ыктымал.

Өткөн президенттик шайлоо кампаниясы тушунда Трамп атаандашы Хиллари Клинтонду корголбогон электрондук почта аркылуу кат алышкандыгы үчүн сындаган.

Последние новости