www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 12-февралда, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттин жыйынында инвестицияларды коргоо жана бизнес субъекттердин укугун коргоо, экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруунун укуктук жактары, укук коргоо органдары тарабынан ишкерлердин укугун коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маселелер каралды.

Президент Сооронбай Жээбеков жер-жерлерде бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу, тейлөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча мамлекет тарабынан ар тараптуу чаралар каралганын баса белгиледи. Бирок жасалып жаткан арбын аракеттерге карабастан, региондорго инвестицияны тартуу иши талаптагыдай болбой, бизнестин күткөндөй активдүүлүгү орун алган жок, ал эми ишкерлер мунун негизги себеби катары инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоонун чабалдыгын айтышууда.

Алар белгилегендей, укук коргоо жана мамлекеттик текшерүү органдары тарабынан жасалган басымдын азайбай, коррупция менен күрөшүүнү шылтоо кылып, укук коргоо органдары кээде аша чаап, бизнестин иштөөсүнө негизсиз тоскоолдуктарды жаратышууда.

Мамлекет башчысы укук коргоо, сот органдары, жергиликтүү бийлик жана бизнестин өз ара мамилесин жакшыртуу боюнча реформаларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп, укук коргоо, текшерүүчү органдардын жана сот системасынын санарипке өтүү процессин тездетүүнү талап кылды.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору, Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Комитеттин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков инвестицияларды коргоо жана ишкердиктин субъектеринин укуктарын сактоо жөнүндө доклад жасады, Кыргызстандын юристтери Ассоциациясы коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү Сыргак Арзыматов экономикалык иштерди декриминализациялоонун укуктук аспектилери тууралуу айтып берди, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Джамшитов ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында укук коргоо органдарынын мыйзамдарды аткаруусу жөнүндө маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү инвестициялык климатты жакшыртуу маселелерин, текшерүүчү, укук коргоо жана сот органдары менен иштешүү учурунда өздөрү туш болгон көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Сөзүнүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков ачык баарлашуу үчүн баарына ыраазылык билдирип, ушундай форматта иштөө айтылган проблемаларды системалуу чечкенге көмөктөшөрүн белгиледи.

Ал белгилегендей, Комитеттин кийинки жыйындарында өлкөнүн бизнес коомчулугу айткан маселелердин жана арыздардын кандай чечилгени жөнүндө маалымат берилет.

Комитет жыйынынын жыйынтыгы боюнча ишкерлик кылуу шарттарын мындан ары жакшыртуу жана өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча тиешелүү сунуштарды камтыган протокол кабыл алынды.

Эске салсак, Комитет 2018-жылды 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен түзүлгөн. Ал олуттуу маселелерди чечүү үчүн мамлекет менен бизнес коомчулугу ортосундагы диалог аянтчасы болууга тийиш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости