www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-февралда Өзбекстандын Навои шаарындагы «Кызылкумцемент» заводунун кызматкери ишкананын директору менен эсепчисине бычак менен кол салган. Буга анын январь айында 2,5 эсе аз айлык алып калгандыгы себеп болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Күбөлөрдүн айтымында, кол салган кызматкерге январь айы үчүн 3 миллион сумдун ордуна 800 миң гана сум (85 доллар) айлык берилген.

— Ал күнүгө жолго 30 миң сум коротуп, 60 чакырым алыстыктан келип иштейт. Январь айына 800 сум айлык бергенде жинденип, бычак алып эсепчи менен директорго кол салды. Бирок аны токтотуп калдык, — деди жумушчулардын бири. Ал январь айы үчүн ишкананын кызматкерлеринин көбү 2,5-3 эсе аз айлык алганын кошумалады.

Бул окуядан кийин заводдун директору кол салган аялды психиатриялык оорукана жөнөтүүгө буйрук бергени айтылууда.

«Кызылкумцемент» заводунун өкүлү жумушчу аял директорго бычак менен кол салганын ырастады.

– Азыр ал аял менен укук коргоо органдары иштеп жатат. Директор аны психиатриялык оорукана жаткыруу буйругун берди деген маалымат жалган. Анын мындай ыйгарым укуктары жок. Адамды ал жерге соттун чечими менен гана жөнөтүүгө болот, — деди ал.

Азырынча бул окуя боюнча Навои шаарындагы укук коргоо органдарынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости