www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өңү кыргызга окшосо эле элди дүрбөтүүгө болбойт

Жаңы өкмөт түзүлүп, өкмөт башына Улукбек Марипов келди. Буга чейин башаламандыктан пайдаланып министр болгондор четинен кете баштады. Ички иштер министри Ниязбековду туруктуу министр деп айта албайбыз. Анткени, азыр өкмөт башчысы болом деп жулунгандардын же өз адамын  койгусу келгендердин көпчүлүгү генералдар. Мисалы, Феликс Кулов, Көтани, Курсан Асанов, Сүйүн Өмүрзаков жана башкалар. Алар көз ачып жумгуча ИИМ министри болушу ыктымал. «Өтүкчүнүн өтүк ултарганы жакшы», биздин генералдар өз капчыктарын калыңдатыш үчүн бийликке умтулбай элдин коопсуздугун ойлогону жакшы. Соцтармактарда эмне деген сөздөр болушу мүмкүн? Ошолордун арасында  эски видеону жүктөп элди дүрбөткөн окуялар кездешет. Азыркы ИИМ министри оозуна талкан сугунуп алып унчукпаганы менен, далайдан бери бышты кулак болгон ИИМдин полковник пресс-катчысы Бакыт Сейитов башында турган басма сөзү бул иш кай жерде болгонун аныктап чыгышты. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөзү социалдык тармактарда тараган видео боюнча комментарий берген. Бул окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан. Анын үстүнө окуя тактала электе социалдык түйүндөрдө провокацияга алдырган жарандар болду. Ошол эле соцтүйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, башка жарандарды күнөөлөгөн такталбаган маалыматтар, аудиолор да тарап кеткен. Ошондо биз бул окуя Кыргызстанда болбогондугун, видео бир же эки жыл мурда тартылышы мүмкүн экендигин билдиргенбиз. Аталган видеороликтеги окуя Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталган. Күнөөкөр жоопкерчиликке тартылган. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аталган окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүн жиберген. 

Жооп келди. Анда 2020-жылдын 29-июль күнү Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери Интернетте мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө “WhatsApp” мессенджеринде белгисиз жигитке карата күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан жаш жигиттин видеосун табышкан.

Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө 2019-жылдын август айында Алтай Республикасынын Кош Агач районунун Кош Агач айылында (2019-жылдын 1-10-августтарынын ичинде) жашы жете элек “Р”, башка жашы жете элек өспүрүм “К” карата күч колдонуп жыныстык катнашка баргандыгы аныкталган. Жогорудагы факты боюнча Алтай Республикасы боюнча Тергөө Комитетинин Тергөө башкармалыгынын Улаган райондор аралык тергөө бөлүмү 2020-жылдын 29-июль күнү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (Жашы жете элекке карата жасалган күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жашы жете элек “Р” ички иштер органына жеткирилип, Орусия Федерациясынын жаза проссецуалдык Кодексинин 91-беренесине ылайык кармалган.

2020-жылдын 31-декабрь күнү айыптоо корутундусу менен кылмыш иши Кош Агач райондук сотуна жиберилген. Эскерте кетсек, 24-январь күнү белгисиз жигитке карата күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан жаш жигиттин видеосу тараган. Коомчулукта чуу жараткан видео Кыргызстанда болгон болгон деген божомолдор да айтылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости