www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы эки аптада Ооганстанда 124 адам аномалдуу сууктан улам каза болгондугун Би-Би-Си талиптер кыймылынын өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди. 

Кырсыктарды башкаруу министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Аббас Ахунддун айтымында 70 миңдей мал кырылган.

Министрликтин маалыматына караганда, бул өлкөдө акыркы он жылдагы эң суук кыш. Калың жааган кардын кесепетинен көптөгөн аймактар ​​тышкы дүйнө менен байланышы толук үзүлгөн. Тоолуу аймактардын тургундарына жардам берүү үчүн жөнөтүлгөн аскердик тик учактар ​​коно албай жатат. Министр, жакынкы он күн ичинде аба ырайынын жылышы күтүлөөөрүн билдирип, бирок бийлик каза болгондордун саны өсүп жатканына тынчсызданып жатканын кошумчалады.

«Сууктан каза болгондордун көбү чабандар же айылда жашагандар. Алар медициналык жардам ала алышкан эмес. Бизди дагы эле тоолуу аймактарда калгандар тынчсыздандырууда. Тоо аралап өткөн жолдордун көбү кардан улам жабылды. Ал жерде унаалар тыгылып, жүргүнчүлөр температуранын төмөндүгүнөн улам каза болушууда», - деди Мохаммад Ахунд.

Буга чейин Ооганстанда абанын температурасы -28 градуска чейин түшкөнү белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости