www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандагы абал Кыргызстан менен Тажикстандын мамилесине кандайдыр таасир тийгизиши мүмкүн. Мындай пикирди Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору, серепчи Эрика Марат билдирди.  

--"Cоңку апталарда талибдер Ооганстан боюнча, өзгөчө өлкө түндүгүндө ондогон аймактарды өз көзөмөлүнө алды. Ал тургай өткөн аптада ооган өкмөтүнүн аскерлери Тажикстанга кире качкан учурлар болду. Талибдер ошентип тажик чек арасына жакын келди. 

Ооганстандагы абал Кыргызстан менен Тажикстандын мамилесине кандайдыр таасир тийгизиши мүмкүн. Бул Кыргызстандын жана Тажикстандын лидерлерине жараша, алар азыркы кырдаалды кандай анализдеп, кандай тыянак жасарына жараша болот. Мамлекет аралык деңгээлде таасир болбосо керек, бирок чек ара аймактарында наркотрафиктин күчөшүнөн улам аскерлер эмес, уюшкан куралчан топтор ортосунда кагылышуулар болуп, туруксуздукка алып келиши ыктымал", - дейт эксперт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости