www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандан АКШнын аскерлери толугу менен чыгарылган соң миңдеген жергиликтүү жарандар өлкөдөн чыгып кетүү үчүн чек араларга топтолууда. 1-сентябрда Пакистандын бийлик өкүлдөрү Ооганстан менен чектешкен Торкхам өткөрмө бекетинде чек аранын ачылышын күтүп, көп сандагы адам турганын билдирди.

Дагы көп киши Иран менен чек арада топтолуп турганын күбөлөр билдиришти.

Ооганстанда 15-августта “Талибан” кыймылы Кабулду ээлеген соң АКШ жана өнөктөштөрү 123 миңден ашык адамды өлкөдөн чыгарды. Бирок талибдерден кооптонгон он миңдеген кишилер Ооганстандан чыга албай жатышат.

1-сентябрда Британиянын өкмөтү Ооганстанда калган жарандарга жана өнөктөштөргө “коопсуз коридор” алуу үчүн “Талибан” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн жарыялады. Маалыматка ылайык, өлкөдөн чыгууга уруксаты бар 250дөн ашык адам үй-бүлөсү менен учурда Ооганстандын аймагында калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости