www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус күчөп турганда саясат менен иши жок Кубатбек Бороновду көпчүлүк көтөрүп биринчи вице-премьерден өкмөт башына алып келген. Ошол бойдон былк этпей элдин ден соолугу үчүн кризис менеджери аталган Боронов күрөшүп келаткан. Жаңы кызматка орношкон Алмазбек Баатырбеков эмнеге жарамак эле, же Акрам Мадумаров чек араны кыйраттыбы? Вице-премьер  Аида Исмаилова баш болуп Өкмөт мүчөлөрүнүн бир топ министрлери парламенттик шайлоого ооп келечегин ойлоп партияларды колдой баштаганда,  Кубатбек Боронов өкмөт башында элдин камын көрүп калган. Мындай кырдаал түзүлбөсө балким ал өкмөт башына кайрадан шайланат беле же шайланбайт беле бир кудай билет. Жаңы шайланган өкмөттө кечээ элге оор учурда  өкмөттү таштай качып, партияларга киргендер жүрөт. Боронов болсо саясаттын курмандыгы болгондой. Анын кризистик менеджер катары көп тажырыйбасы бар. Өкмөт жаңы курамын түзгөндө өкмөттө тажырыйбасы бар. адамдар да унутулбаса деген кеп. Анткени, айыл өкмөтүн да жетектей элек кээ бир жаштар бийликке умтулуп, тиш оору кылышы мүмкүн. “Атаң алтымышка келгенде алдап соолап күчүн ал” деп кыргыздар бекер айткан эмес, 60 ка келе элек Бороновдун тажырыйбасын ушундай мезгилде пайдаланып кырдаалдан чыгышыбыз башкы шарт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости