www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда бажы жана чек ара кызматкерлери тарабынан өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып бара жаткан 3 млн 297 сомдук товар кармалды.

Бажы кызматынан билдиришкендей, "Кызыл-Кыя" өткөрмө бекетинде У.М.Ш. аттуу Өзбекстандын жараны айдаган "МАН" үлгүсүндөгү жүк ташуучу ууна ("KOGEL" маркасындагы чиркегичи менен) токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын жүк салган бөлүгүндө коңшу мамлекетке мыйзамсыз ташылып бара жаткан 219 миң 360 даана 100 ваттык лампочка жана М400-Д20 маркасындагы 1 тонна 100 кг цемент табылган.

Кармалган товардын орточо базар баасы 3 млн 297 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости