www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Көл шаарында күйүүчү май ташыган унаанын ичинен киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кылмышка шектүү катары 37 жаштагы аял кармалган. 10-октябрда саат 19:25тер чамасында Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Токтогул ГЭСине өтүүчү көпүрөгө жетпеген жерде токтоп турган унаада адамдын өлтүрүлгөнү тууралуу билдирүү түшкөн.

"Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаанын ичинен адамдын сөөгүн тапкан. Алгачкы кароо боюнча маркумдун денесине бир нече жолу учтуу буюм сайылганы аныкталды. Маркум Чүй облусунун тургуну экендиги белгилүү болду. Окуяга шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну, 37 жаштагы М.А. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", — деп жазылат билдирүүдө.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости