www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Параписихолог Мелис Карыбеков, “Багыт.кж” гезитине маек берген. Ал буга чейин өзүнүн айткандары төп келгенин айтса, ошол эле учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге “Кудайымдай ишенгенмин” дегендей кылган. Анчалык кыйын экен, көзү космостогу таштын кайсы жакта жатканын көрсө, ошондо эле Атамбаевдин кандай агымда бара жатканын бетине айтса болмок. Бул кадамы ачыгын айтканда “.өттүк” эле кадам.

Карыбеков, минтип түштөн кийин "Алмазбек Атамбаев менен коркот" дегенине, токойдогу тоңкулдактар, коркок коёндор каткырып атат. Эми Карыбековдун “Багыт.кж” гезитине берген азыркы президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу төлгөсүнө көңүл бурсак...

 —Жээнбековду эл 6 жыл бою колдойбу?

—Баса белгилеп айта турчу сөз, Жээнбековдор да бийликтен кетишет. Кеткен учурда да аларга жеңил болбойт. Абдан оор болот. Кийинки президент Жээнбековдордун ишин иликтейт. Жөн эле иликтеп койбой, жиликтеши да мүмкүн. Балким ошентип жатып, катуу кетет. 6 жылдан кийин да абакка олтура тургандар көп болот. Ошондо менин ушул сөзүмдү эстейсиңер. Абакка олтурчу адамдар жөнөкөй адамдар эмес, эл башындагы адамдар олтурат. Мен ушундай маалымат алып жатам, деген Мелис Карыпбеков. Ылайым эле төлгөсү тетирисинен келип, өлкөбүз тынч эле болсун.

Баса, аса таягын кармап, өзүн олуя сезген Мелис Карыпбековду буга чейин “Бурайла деген төлгөчү сотко берем”, деп NazarNews.kgге байланышка чыккан эле. Бурайла аттуу төлгөчүнүн, “Мелис Карыбековдун колунан пок дагы келбейт, ал менин идеямды аялы экөө уурдап алган” деп айтканы бар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости