www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист спикер Дастан Жумабековдун сөзүндөгү катасын айтты. Жыйынтыктоочу пресс-конференцияда журналист парламент спикери Дастан Жумабековдон качан туура эмес сүйлөгөндү токтотоорун сурады.
- Сиз дайыма «боюнча» деген сөздү «моюнча» деп бузуп сүйлөйсүз, - деп белгиледи ММК өкүлү. - Депутаттар дайыма сөздү бурмалап сүйлөшөт - бул жагымсыз нерсе. Сиздерге элдин баары карап турат, туура сүйлөш керек.
Төрага бул суроого мындайча жооп узатты.
- Мен Таласта өскөм, ошондуктан жаш чагымдан бери ушинтип сүйлөп көнүп калгам, - деп түшүндүрдү ал. Көп адамдар мага ушул тууралуу айтышат. Мен туура сүйлөөгө аракет жасайм эми. Кимдир бирөөгө бул жакпай жаткан болсо, кечирим сурайм.
Булак: vesti.kg