www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Согончок ооруган - өпкө рагынын белгиси

Согончоктун тынбай оорушу өпкөдө шишик пайда болгонунан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу Daily Express басылмасы Улуу Британиянын улуттук медициналык системасында иштеген дарыгерлердин айтымына таянып кабарлады. Билдирмеге караганда, рактын көп түрү, анын ичинде өпкө рагы кан тромбунун өрчүү тобокелчилигин жогорулатат.

"Бейтаптар согончогу ооруп жатканын айтып кайрылган учурлар көп. Текшере келгенде алардан тромб табылган. Бул — өпкө рагынан кабар берген жалгыз белги", — деп жазылат маалыматта. Дарыгерлер согончок ооруганда эки жума байкап көрүүнү сунуштайт. Эгер ооруганы көпкө чейин басылбаса дарыгерге көрүнүү зарыл.

"Күнүмдүк жумуш жасап жатканда да катуу оорута турган болсо, бир ооруп, бир басылып ыңгайсыздык жаратса, согончоктун тушу эч нерсени сезбей калса, анда тез арада медиктерге кайрылыш керексиз" — деп жазылат билдирмеде. Медиктер өпкө рагы олуттуу оору экенин айтып, башында дарт билинбей өрчүй бериши ыктымал экенин белгилейт. Буга көбүнчө чылым чегүү себеп болоору айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости